БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин базасында абанын булганышын изилдеген мекемелер аралык IRCAPS илимий борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор Япония тараптын колдоосу менен ачылган. Инвестициянын суммасы 5 миллион долларды түзгөн.
"Борбор кир абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин иликтейт. Мындан сырткары, Ош, Бишкек шаарларында жана башка аймактарда абанын сапатын баалоо үчүн үйлөрдүн ичи-тышына өлчөгүч шаймандар жайгаштырылат", — деп айтылган маалыматта.
Долбоор беш жылдык мөөнөткө иштейт. Ал жерде чогултулган маалыматтар тиешелүү мекемелерге жана кызыкдар тараптарга сунуш катары берилери белгиленген.