БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 13…18, Талас аймагында 12…17, Ысык-Көл өрөөнүндө 5...10, Нарын жергесинде 4…9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек менен Ош шаарында 14…16 градуска жетет.