Согди элдеринин кызы менен түрк элдеринин уулунун ортосунда түзүлгөн нике келишими табылды. Биздин доордогу IV-V кылымдардагы Улуу Жибек жолунун түрк-согди элдеринин жашоосуна тийгизген таасири

Sputnik
Алтай университетинде өткөн IV эл аралык илимий конференцияга Чоң Алтай долбоорунун алкагында катышып клеген дагы бир кыргызстандык окумуштуу илимдин кандидаты, доцент Замира Садырова. Окумуштуу Улуу Жибек жолунун түрк согди элдеринин аралашуусуна тийгизген таасирин иликтеген. Борбор Азия элдеринин тарыхында олуттуу орунду ээлеген бул тарыхый жол бир гана сооданын эмес, маданият, агартуу, эллдердин аралашуусуна да өз салымын кошкон. Эки элдин ортосунда үй бүлөлөр жаралып, ал тургай түзүлгөн нике келишмдеринин табылганы аймактын элдери ошол убакытта эле бир гана каржылык жактан эмес, юриспруденцияда да билимдүү болгонун агийнелейт дейт илимпоз.