Адылбек Касымалиев E-commerce EXPO Central Asia 2025 форумуна катышып, электрондук соода экономикага күчтүү түрткү берүүчү сектор болуп калганын белгиледи. Быйыл электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү болжол менен 525 млн долларды түзгөн. Былтыркыга караганда 15%га көп.
Санариптик экономиканы жана электрондук коммерция куралдарын жайылтуу иши кандай жүрүп жатканы тууралуу Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президентинин кеңешчиси Тимур Осмоналиев маек курду.