Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун алгачкы 25 чакырым аралыгында жол куруу иштери соңуна чыгып калганын Транспорт министрлигинен билдиришти. Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, туурасы 17,6 метрди түзгөнү белгиленген."Коопсуздукту камсыздоо максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, сызыктар чийилди. Мындан тышкары, суу өткөрүүчү 36 түтүк жаткырылып, ири үч көпүрө жаңыланды", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, жолдун реконструкциясы 2021-жылы башталган. Балыкчы — Бөкөнбаев участогунун узундугу 141 чакырымды түзөт, Караколго чейин 220 чакырымдан ашат.
Сулайман-Тоону айланта беш чакырымдык буфердик зона түзүү маселеси каралып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, алар жеринде иштеп жатышат. Аталган комиссияга ЮНЕСКОнун өкүлдөрү кошулары да айтылды. Муниципалитеттин планына ылайык, тарыхый жайдын айланасы иретке келтирилип, ал жердеги көрүстөндү рекультивациялоо каралууда. Ошондой эле тоону айланта жол салып, ага туристтер үчүн электромобилдерди жүргүзүү планы бар."Буфердик зонанын чектөөсүнөн эч нерсе кыла албайбыз. Ош өнүгүшү керек да. Тоонун өзүнө тийишпейбиз, бирок этек жагын бошотуп алсак, жаңы шаар салат элек. Сонун кылып тазалап, газон, гүл эгип, жол салып коет элек. Тамчылатып сугара турган кылбасак, дайыма кургаган чөп өрттөнө берет", — деген Токторбаев. Бул үчүн аталган жайды мэриянын көзөмөлүнө өткөрүүнүн зарылдыгы айтылды. Маданият министрлигинин карамагындагы комплекс ЮНЕСКОнун тизмесинде.
Ош облусунун Алай районунда өспүрүмдөр бараткан автоунаа жардан кулап, алардын бирөө каза тапты. Бул туурасында аталган облустун милициясы кабарлады. Каргаша 16-ноябрда Таш-Кордо айылында болгон. Тартип сакчылардын айтымында, Toyota Camry автоунаасын айдап бараткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай калып, сайга кулаган. Кырсыктын кесепетинен машинадагы 17 жаштагы жүргүнчү мүрт кетип, дагы төртөө Алай райондук ооруканасына түшкөн.
Украинадагы окуялар аталган өлкө эле эмес, россиялыктар үчүн да трагедия болуп турат. Мындай пикирин Россиянын президентинин жардамчысы, Россиянын тарыхый-аскердик коомунун төрагасы Владимир Мединский "Комсомольская правдадагы" макаласында билдирген. "Биздин көз алдыбызда болуп жаткан нерселер Украинанын жашоочулары үчүн эле эмес, биз үчүн да чоң апаат", — деген ал. Мединский ошондой эле 2021-жылдагы Украинадагы кырдаал өзгөрүп кетчүдөй көрүнчү эмес, ал эми Зеленскийди эч ким "согушкан президент" катары кабыл алчу эместигин айтып, Украинадагы жаңжалдын аякташына көп деле убакыт калбаганына токтолду. Мындан тышкары Россия бүгүн украиндер эмес, украин элин барымтага алган бийлик менен күрөшүп жатканын белгиледи.