Үй жаныбарларын Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө алып кирүүдө белгилүү эрежелерди сактоо талап кылынат. Эгер жаныбарлардын саны экиден ашса жана алар ЕАЭБден тыш жактан сатып алынган болсо, мындай учур коммерциялык деп эсептелет жана карантиндик текшерүү жүргүзүлөт. Экиден аз жана жеке пайдалануу үчүн киргизилсе, атайын уруксат же карантин талап кылынбайт. Ар бир жаныбарга милдеттүү түрдө чип коюлуп, кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлүүгө тийиш. Муну тастыктаган ветеринардык паспорт же эл аралык сертификат көрсөтүлөт. Бул эрежелер жаныбарлар аркылуу жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана эл аралык ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын ички ветеринарды контролдоо бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев айтып берди.