Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Путин жолугушууда Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу максаты тургандыгына токтолгон.“Конкреттүү практикалык ишти жолго салууда, уюмга мүчө мамлекеттердин көп пландуу өз ара алакасын кеңейтүү боюнча иште өзгөчө роль өкмөттөргө таандык. Иштерди жүзөгө ашырууда өкмөттөрдүн ролу ар дайым маанилүү”, — деген РФ президенти. Жолугушууда күн тартибиндеги маанилүү болгон темалар талкууланган.
Экономика жана коммерция министрлиги айрым социалдык маанилүү айыл чарба продукцияларынын сатылышы жана импортундагы кошумча нарк салыгынын нөл пайыздык ставкасын 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартууну сунуш кылууда. Документ коомдук талкууга чыгарылды. Бул чара малды тоют менен камсыздоону жеңилдетүү жана бааларды төмөндөтүү максатында киргизилди. Министрликтин маалыматына ылайык, тоюттун сатылышы жана импортуна кошумча нарк салыгын алып салуу республикалык бюджеттеги салык түшүмүн кыскартат, бирок ашыкча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык оң өзгөрүүлөрдү камсыздайт. Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикада негизги тоюттун баалары 2024-жылга салыштырмалуу кымбаттаган.
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери жылына эки жолу, жазда жана күздө жүргүзүлөт. Шаар боюнча жалпы коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 80,6 чакырымды түзөт, анын ичинде: ачык коллектордук дренаждык тармактар — 64 миң метр; жабык коллектордук дренаждык тармактар — 16 миң 600 метр. Мында жер астындагы суулардын деңгээли эң жогору болгон аймактарга, айрыкча Биринчи май жана Свердлов райондорунун конуштарына көңүл бурулууда. Жабык коллектордук-дренаждык тармактардын иштешин татаалдаштырган негизги көйгөйлөргө жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз кошулуп, тиричилик калдыктарын агызуусу, дренаждык тармактар өткөн тилкелерге өз алдынча тосмолорду орнотуу да кирет.
Күн мурун Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, мелдештин жыйынтыкталуучу күнү Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Россияга каршы беттешип, оюн 8:0 эсебинде коноктордун жеңиши менен жыйынтыкталды. Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы алгачкы беттешинде Бахрейн менен ойноп 2:1 эсебинде, ал эми 15-ноябрь күнү Иран курамасына каршы беттеште 2:1 эсебинде жеңген. Жалпы мелдештин жыйынтыгы: 1-орун - Росси (9 упай) - 50 миң доллар; 2-орун - Кыргызстан (6 упай) - 30 миң доллар; 3-орун - Иран (3 упай) - 20 миң доллар; 4-орун - Бахрейн (0 упай) - 10