Акыркы жылдары жаш мырзаларда да тукумсуздук, простата көйгөйлөрү, гормоналдык бузулуулар жана интимдик жашоодогу маселелер көбөйүп жатканын адистер белгилөөдө. Эмне себеп? Кантип алдын алуу керек? Жылына кандай текшерүүдөн өтүү зарыл?
Эркектердин репродуктивдик саламаттыгы тууралуу Иса Ахунбаев атындагы КММАнын урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты, уролог-андролог Болотбек Рысбаев айтып берди.