Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда 2-класстар үчүн окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстерин кабыл алышты. Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 мин 660 нускада басылып чыкты. “Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 миллион 271 мин 150 сом каражат жумшалды.
Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет. Маалымдашкандай, салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми электрондук патент алууда салык органына барып, каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок. Ошондой эле патенттин негизинде иштеген жеке ишкерди же жеке жакты салыктык каттоо тиешелүү аймакта патент алууда — каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, салык мыйзамдарына салык төлөөчү тарабынан патенттин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракет, утурлама текшерүүдөн тышкары, патент колдонулган мезгил үчүн көчмө салыктык текшерүүгө жатпаган ченем киргизилген. Мында салыктык көзөмөлдүн башка формалары Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан социалдык мааниге ээ 9 азык-түлүктүн 6 түрү менен өзүн толук камсыздайт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, картошка; сүт; эт; жашылча-жемиштер; жумуртка; кумшекер менен өзүн толук камсыздаса, калган нан азыктары; өсүмдүк майы; мөмө-жемиш импорттун эсебинен жарым-жартылай камсыздалат. 2024-жылдан баштап Кыргызстан кумшекер менен толук камсыз болууда. Эт боюнча өлкө уй жана кой эти менен 100 пайыздан ашык камсыздалат. Ал эми тоок этин өздөштүрүү боюнча иштер активдүү уланууда. Ички өндүрүш көбөйгөндүктөн жумуртка импортуна тыюу салынган. 2025-жылдын август–январь айларында 3 млн 300 миң даана жумуртка экспорттолгону кошумчаланды.
Россиянын лидери Владимир Путин Россия ишенимдүү атомдук муз жаргычтарды чыгарып турган жалгыз өлкө экенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россия бүгүнкү күндө кубаттуу, ишенимдүү атомдук муз жаргычтарды сериясы менен жасаган өндүрүштү колуна алган бирден-бир мамлекет", — деди Путин атомдук "Сталинград" муз жаргычынын курулушунун башталышына видео-конференция менен катышып жатып. Мурдараак "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору ноябрь айында Санкт-Петербургдагы заводдо жаңы сериядагы, көп кырдуу "Сталинград" атомдук муз жаргыч кемеси курула баштаарын кабарлаган. Ал Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин Сталинграддын жанында контрчабуулга өткөндүгүнүн 83 жылдыгынын урматына жасалары айтылган.