БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. УКМК тарабынан кармалган Kav&Kev компаниясынын жетекчиси чет элдик жарандарды мыйзамсыз иштетип, антисанитардык шартта тамак-аш азыктарын даярдоого шектелип жатканы кабарланды.
Маалыматка караганда, ишкананын башчысы А.В.К. жумушка тарткан чет өлкөлүктөрдүн медициналык жана миграциялык документтери болгон эмес.
"Алар антисанитардык шартта тамак-аш азыктарын даярдашкан. Жарактуулук мөөнөтүн алмаштырып чаптоо фактылары да аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу", "Документтерди жасалмалоо", "Керектөөчүлөргө коркунуч түзүү" сыяктуу бир нече беренеси менен иш козголду", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары кармалган ишкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.