БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев "Мурас Юнайтед" командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Пучковду иштен алган себебин ачыктады. Бул тууралуу ал кечээ жогорку дивизиондогу клубдардын жетекчилери менен болгон жолугушууда айткан.
Пучковдун жетекчилиги астында Манас шаарынын командасы Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеп, өлкө кубогунун финалында утулуп калган. Ошондой эле АФКнын Чакырык лигасынын плей-офф баскычына чыккан.
"Пучковду эмне үчүн иштен алганымды билесиңерби? Сергей Валентинович футболчуларды жаман сөздөр менен сөккөнү үчүн кетти. Тим эле ашата сөгөт экен. Ал сөздү айткым да келбейт. Эмоциясын кармай албагандар менен оюнчулардын намысына тийгендер Кыргызстанда иштебейт. Стадиондо чоңдор да, жаштар да, балдар да отурат. Алардын көзүнчө сөгүнүү болбойт", — деген ал.
Ошондой эле ал башка машыктыруучуларды да тартипке чакырууну тапшырган.