БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Путин жолугушууда Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу максаты тургандыгына токтолгон.
“Конкреттүү практикалык ишти жолго салууда, уюмга мүчө мамлекеттердин көп пландуу өз ара алакасын кеңейтүү боюнча иште өзгөчө роль өкмөттөргө таандык. Иштерди жүзөгө ашырууда өкмөттөрдүн ролу ар дайым маанилүү”, — деген РФ президенти.
Жолугушууда күн тартибиндеги маанилүү болгон темалар талкууланган.