БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын географиялык жайгашуусу — Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азияны жана Европаны бириктирген маанилүү жана негизги ресурстарынын бири. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Аймактык кызматташуу боюнча борбор азиялык экономикалык форумда (ЦАРЭС 2030) айтты.
Ал Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук стратегиясы турмушка ыңгайлашканын жана келечектүү багыттарды камтыганын жана бул ЦАРЭСтин узак мөөнөттү программасынын максаттарына туура келерин белгилеген.
Министрдин айтымында, логистикалык байланыштын стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында Кыргызстандын алдында так, таамай тапшырмалар коюлган. Ал милдеттемелер: аймактык логистикалык хабды түзүү, санариптик соода түйүнүн өнүктүрүү жана өлкөнүн "жашыл" энергия борбору катары вазийпасын арттыруу.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков
© Фото / Министерство экономики и коммерции КР
"Жаңычыл стартаптардын мейкиндигин түзүүгө умтулабыз, андан сырткары, инвестор менен ишкерлердин ойлогон ири мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу аймагы болушун каалайбыз", — деген Сыдыков.