Мэр: кафе-ресторандар түндө иштей берет, бирок той-топур 22:00дө бүтүшү керек

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкектеги бардык кафе-ресторандар түнкүсүн иштей берет, бирок массалык иш-чаралар саат 22:00дө бүтүшү керек. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев шаардык аткаминерлер менен болгон жолугушуусунда билдиргенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, жүргүзүлгөн рейддер жакшы натыйжа берген. Буга чейин бишкектиктер электр энергиясын колдонууга коюлган лимиттен (10 млн 45кВт/саат) ашып, 11 миллион 130 кВт/саат керектеп жатса, түшүндүрүү иштеринен кийин сарптоо 9 иллион 735 кВт/саатка түшкөн.
"Түшүндүрүү иштерин улантуу керек. Рейд маалында биз чектен чыккан жокпуз, электр энергиясын, сууну же башка коммуникацияларды өчүргөн жокпуз. Кафе-ресторандын баары иштей берет, болгону иш-чаралар саат 22:00гө чейин аякташы керек", — деген калаа башчысы.
Жунушалиев массалык иш-чара өткөргөн жайлар 22:00дөн кийин генератор менен жана коңшуларга ызы-чуу жаратпастан иштесе болорун айткан.
Балдарга түнкүсүн сак болуңуз! Бишкекте "Антикино" рейди жүрүүдө