Кытайдын тышкы иштер министри эртең Кыргызстанга келет

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эртең, 19-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытайдын башкы дипломаты кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келе жатат. Сапары эки күнгө созулат.
"Визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуу, тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр пландалган. Ошондой эле тышкы саясат боюнча мекеме жетекчилеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Сапардын жыйынтыгында бир нече эки тараптуу документке кол коюлары белгиленген.
КЭР — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жүктү Европага 3-7 күнгө эрте жеткирет