БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында токмоктолуп каза болгон кишинин кызы жаңжал эмнеден чыкканын социалдык тармакка жазды.
Маркумдун кызынын айтуусунда, 45 жаштагы Эрлан Батыралиев көл жээгинде мас болуп аты менен сууга түшүп жаткандарга эскертүү берген. Бул үчүн экөө аны кармап берип, берки экөө катуу сабаган.
"Атам ооруканада каза болду. Гематома жана мээсине кан куюлуп кеткени аныкталды. Денесинде тамтык калган эмес. Бул ишти Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз. Шектүүлөр милиция кызматкерлери болгондуктан жоопкерчиликтен кутулуп кетет деп кооптонуп жатабыз", — деп жазган Батыралиевдин кызы.
Аталган окуя тууралуу облустук милициянын берген маалыматка таянсак, шектүү катары төрт киши кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери экени айтылган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.