БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин Москвада болгон XXIV жыйынына тар курамда катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйын делегация башчыларынын РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунан башталды.
Тар курамдагы жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча жемиштүү талкуулар болду.
"Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу көйгөйлөрүн карап чыгып, Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешти", — деп кабарлады министрлер кабинетинин маалымат кызматы.
Аны менен катар эле уюмдун ичинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө, аны жалпы экономикалык жолдор аркылуу өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы алаканы бекемдөөгө басым жасалды.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Москвадагы жолугушууга өнөктөш мамлекеттер менен байкоочулар, ЕАЭБ, Азиядагы кызматташуу боюнча диалог сыяктуу бир катар бирикме менен эл аралык уюмдардын аткаруучу органдарынын өкүлдөрү келген.