Улуттук валюталарды колдонуу маанилүү. Касымалиевдин ШКУ жыйынындагы билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьерлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Адылбек Касымалиевдин Москвада өткөн жыйындагы сөзүнүн урунттуу учурлары:
Кыргызстан кийинки жылы ШКУга төрагалык кылат;
КР мындан ары да уюмдун кадыр-баркын чыңдоо боюнча ишин уланта берет;
"Акылдуу бажы" системасы киргенден бери товар чыгаруу убактысы 5 сааттан 1 саатка чейин кыскарды;
эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонуу маанилүү болгондуктан ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү зарыл;
ШКУ – санариптик сабаттуулук, киберкоопсуздук жана электрондук башкаруу жаатында тажрыйба алмаша турган мыкты аянтча;
Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун өнүктүрүү жана жогорку өндүрүмдүү эсептөөлөрдүн аймактык кубаттуулуктарын түзүү сунушун карап чыгуу;
2020–2024-жылдары Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 3,5 эсе көбөйдү. Быйылкы сегиз айда республиканын жалпы товар жүгүртүүсүндө ШКУга мүчө мамлекеттер 75 пайызды ээледи;
жыйындын аягында 10 документке кол коюлду.
Касымалиев Москвада ШКУ жыйынына катышты. Эмне сөз болду