Караколдогу мектеп рэкетчилиги боюнча кылмыш иши козголду

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Караколдогу №7 Карач аке атындагы мектептин окуучулары арасындагы коркутуу жана зомбулук фактылары боюнча бир нече арыз түшүп, анын негизинде кылмыш иши козголгонун Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 1–14-ноябры аралыгында мектептин 9-11-класстын окуучулары төмөнкү класстагыларды коркутуп, сабап, акча талап кылып жүргөнү тууралуу арыздар түшкөн:
4-ноябрда мектептин социалдык мугалими милицияга 9-класстын окуучусун 11-класстын окуучусу себепсиз сабаганын билдирген;
7-ноябрда окуучулардын ата-энелер комитетинин өкүлү мектепте жогорку класстын балдары тарабынан коркутуу жана басмырлоо болуп жатканын айтып кайрылган.
10-ноябрда ошол эле ата-эне кайра кайрылып, уулу жана анын классташтары эки жылдан бери зомбулукка дуушар болуп жүргөнүн билдирген;
13-14-ноябрда дагы эки арыз катталган. Анда арыздануучулар жогорку класстын окуучулары тарабынан моралдык басым жана сабоо болгонун айтышкан.
"Материалдарды Каракол шаардык милициясы карап чыкты. 17-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси менен иш козголду. Тергөө уланууда", — деп билдирген облустук милиция.
Коргоо министрлиги "дедовщина" үчүн жазаны күчөтүүнү демилгеледи