Радио

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 21%ды түзөт

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтуу мыйзамына ылайык бизнес 90 пайыз жеңилдикке ээ болгонун айтты.
Sputnik
Акыркы айларга карата Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү ички дүң өнүмгө карата 20-21 пайыз деп белгиленүүдө. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкерлердин салык жүгүн көбөйтпөй санариптик чечимдер, туура саясат аркылуу салык базасын жакшыртуу иши жүрүүдө.
"Ушул жылдын 5-августунда президент Садыр Жапаров калктын жана ишкердик субъектилердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча мыйзамга кол койгон. Дээрлик 90 пайыздай жеңилдиктер каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мисалы, транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу, салык карыздарын эсептен чыгаруу, текшерүүлөрдү азайтуу, милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө сыяктуу иштер бар. Салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, көмүскө экономиканы азайтуу иштери да уланууда. Алсак, акыркы айларга карата Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү ички дүң өнүмгө карата 20-21 пайыз деп белгиленүүдө", — деди Ысабеков.
Ошондой эле ал фискалдык программалык камсыздоо долбоорун киргизүү аркылуу бизнести иретке келтирүүгө, ишти жеңилдетүүгө жол ачыларын кошумчалады.