БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сауд Арабияда өтүп жаткан Ислам оюндарында алтын медаль утту.
Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммдык салмак категориясында күч сынашкан. Ал финалдык беттеште ирандык атаандашы Абди Амирди мөөнөтүнөн мурда жеңип, чемпион болду.
Ал эми Раззак Бейшекеев (67 килограмм) менен Асан Жанышов (87 килограмм) коло медаль утушту.
Ислам оюндары Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында бүгүн башталган, ал 21-ноябрга чейин уланат.