2025-жылга карата дүйнөлүк мамлекеттик карыздагы өлкөлөрдүн үлүшү. Сандар

Мамлекеттик дүң карыз дүйнө боюнча быйыл 8,3 триллион долларга өсүп, жалпы көлөмү 111 триллион долларды чапчыды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазып, 15 өлкөнүн мисалында көрсөттү.
Sputnik
2025-жыл: дүйнөлүк жалпы мамлекеттик карыздагы өлкөлөрдүн үлүшү
Ресурс маалыматтарды жамааттык Батыш менен дүйнөнүн калган аймагын бөлүп карап, сандарга абай салган.
Биринчи топко киргендердин ичинен АКШ биринчи туруп, жалпы карыздын 34,4 пайызын көрсөткөн. Андан кийинки орунда Япония (8,9) жана Улуу Британия (3,7) турат. Тизмени караганда Франция — 3,5%, Канада — 2,3%, Италия — 3,1%, Испания — 1,7%, Германия 2,9% менен улаган. Булардын катарынан Түштүк Корея ( 0,9) менен Австралияны (0,8) да көрүүгө болот.
Ал эми дүйнөнүн экинчи бөлүгүнө кирген Кытайдыкы — 16,8 пайыз, Индияныкы — 3, Бразилияныкы — 1,9, Мексиканыкы 1 пайызды көрсөткөн. Отчетто Сингапур 0,9 пайыз менен жүрөт.