19-ноябрга карата аба ырайы

19-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 14…19, Талас аймагында 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15…20, Ысык-Көл өрөөнүндө 6...11, Нарын жергесинде 4…9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 17…19, Ош шаарында 18…20 градуска чейин көтөрүлөт.
Мэр: кафе-ресторандар түндө иштей берет, бирок той-топур 22:00дө бүтүшү керек