Анара, Анарбек, Анаркан - ысымдар анардан арылууга жардам береби же дагы кандай элдик ишенимдер бар?

Sputnik
Балдар бетинде, колунда айтор, денесинин бир жеринде анары бар болуп төрөлүшөт. Анар медицинада гемангиома деп аталат. Ал кызыл же кочкул түстөгү так түрүндө көрүнөт. Анар көбүнчө оорутпайт жана көпчүлүк учурда убакыт өткөн сайын өзүнөн өзү кичирейип, жоголуп кетиши мүмкүн.
Бирок кээде ал чоңоюп да кетиши ыктымал. Эгер бат өсүп жатса, оорутса дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени убакытында текшерүү жана туура дарылоо адамдын сырткы көрүнүшүн да, саламаттыгын да сактоого жардам берет.
Мына ушул дарт кайсы себептерден улам жаралат жана дарылоо ыкмалары кандай? Биротоло кетирүүгө мүмкүнбү? Анардын залалы канчалык?
Ушул жана башка суроолорго жоопту “Көз мончок” пргораммасынан уга аласыздар.