Акыркы жылдары жаштар арасында бөйрөк оорулары, өзгөчө пиелонефрит – бөйрөктүн сезгениши – кеңири тарай баштады. Адистердин айтымында, бул илдет көбүнчө суук тийүү, туура эмес тамактануу, суу аз ичүү жана дарыны көзөмөлсүз колдонуу сыяктуу факторлордон улам пайда болот. Убагында дарыланбаса, оорунун өнөкөткө айланып, бөйрөктө таш, кум пайда болуу коркунучу жогорулайт. Бөйрөк – организмдеги эң маанилүү органдардын бири, анын иштешиндеги бузулуу жалпы ден соолукка олуттуу таасир этет.
Бүгүн биз жаштар арасында пиелонефриттин көбөйүшүнүн себептери, аны дарылоо жана алдын алуу жолдору тууралуу уролог Талайбек Сагыналиев менен маектештик.