БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жогорку дивизиондогу клубдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка караганда, келерки футбол сезонунда Жогорку лигада ойной турган клубдардын саны толукталды. Быйыл аталган лигада 14 клуб ойногон болсо, Талас жана Токтогул шаарынан эки команда кошулуп, келерки сезондо 16 клуб өлкө биринчилигин талашат.
"Таласты өкүлчүлүк кылган "Азия" клубун мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов негиздеген. Мындай клуб түзүүнү КФБ демилгелеген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чемпионаттардын аталышы да өзгөртүлдү. Премьер-лига эми "Жогорку лига" деп аталат. Улуттук лига болсо "Биринчи лига" болуп алмашты. Жаңы тартипке ылайык, Биринчи лиганын чемпиону Жогорку лигага түз өтөт. Жогорку лиганын акыркы (16) орунундагы команда Биринчи лигага түшүрүлөт.