БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кечээ Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде токмоктолгон адам көз жуумп, ал чырга катыштыгы бар деп шектелген кишилердин экөө милиционер болуп чыкты. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициясы таратты.
Токмок жеген киши боюнча кабар түшкөндө барган тартип сакчылар сабалган Э.Б. аттуу кишини тапкан.
"Ал тез арада райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жаран ошол эле күнү саат 19:30 чамасында алган жаракаттарынан улам көз жумган", — деп маалыматта айтылат.
Ысык-Көл РИИБи тарабынан окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран аныкталып кармалып, алардын экөө милиция кызматкерлери болуп чыккан.
Төмөнкүлөр кармалган:
1997-жылы туулган К.Ж., Ысык-Көл РИИБдин кызматкери, милициянын старшинасы;
1997-жылы туулган Р.С., Ысык-Көл РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкери, милициянын сержанты;
1997-жылы туулган А.А.;
2005-жылы туулган К.М.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Ден соолукка оор залал келтирүү") негизинде иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Ал эми кармалгандар убактылуу кармап турган жайга киргизилген.