БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.
Өткөн аптада Бишкек жана Ош шаарларынан алынган үлгүлөрдөн А/H3N2 (сезондук сасык тумоонун бир түрү) жана грипптин В-1 түрү аныкталган.
"Бир жуманын ичинде өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 8 миңдей учуру катталды. Алардын 5 миңден ашыгы 14 жашка чейинки балдар арасында", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 679 адам ооруканага жаткырылганын, төрт бала реанимацияда экенин белгиледи.