БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин сыноодон өткөнүн жарыялаган өзөктүк кыймылдаткычы бар чексиз аралыкка учкан "Буревестник" канаттуу ракетасы НАТОнун тынчын алууда. Бул тууралуу альянстын жашыруун отчетуна таянуу менен Bild жазганын РИА Новости кабарлады.
"Россия өзөктүк арсеналын жаңылап бүттү. Москва ушу тапта курал-жарактын бир нече жаңы түрүнө ээлик кылат, анын ичинде суу астында жүрүүчү кайыктар, канаттуу ракеталар жана орто аралыкка учуучу ракеталар бар", — деп айтылат макалада.
Отчеттогу маалыматта "Буревестник" ракеталарын НАТО өтө кооптуу деп эсептей турганы белгиленген.
"Буревестник" атардан мурун көпкө чейин "орбитаны айланып жүрүүгө" жөндөмдүү", — деп жазган авторлор.
РФ президенти Владимир Путин 29-октябрда Россия өзөктүк түзүлүш орнотулган суу алдында жүрүүчү "Посейдон" аппараты сыноодон өткөнүн билдирген. Өлкө башчысы жаңы техниканын уникалдуулугун белгилеп, кубаттуулугу "Сармат" ракетасынан кыйла жогору экенин кошумчалаган.
Ал эми андан үч күн мурун РФ лидери өзөктүк кыймылдаткычы бар чексиз аралыкка уча ала турган "Буревестник" канаттуу ракетасы сыналып бүткөнүн айткан болчу. Генералдык штабдын жетекчиси Валерий Герасимов өлкө жетекчисине берген докладында жаңы техника ракетага каршы каражаттарды жана абадан коргонуу системасын кыйгап өтүү боюнча алдына эч кимди салбай турганын билдирген. Штаб башчысы канаттуу ракета 14 миң чакырым учуп сыналганын, бул аралык чек эмес экенин белгилеген эле.