БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектиндеги өрт чыккан үйгө барып тургундар менен жолукканын муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, калаа бийлиги жабыркагандардын турак жай маселесин чечип берүүнүн варианттарын караштырууда.
"Алардын бири — Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыздоо. Бул боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдалды. Ал эми кырсыктан жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатына жайгаштырылды", — деп айтылган маалыматта.
Калаа башчысы ооруканада жаткандарды да барып көргөн. Аларга мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын айтты.
Эске салсак, аталган кырсык 15-ноябрь күнү катталган. Көп кабат үйдөн өрт чыгып, дүрбөлөңгө түшкөн үч киши өз алдынча качып чыгабыз деп терезеден секирип, жаракат алган.