БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мындан 77 жыл мурда дал ушул күнү легендалуу "Аврора" крейсерин Санкт-Петербургда биротоло токтотушкан. Ал кезде аскердик бул кеменин кайрадан "ишке" чыгарын эч ким боолголобосо керек эле.
Ал иштеген жылдары 100 миң милден ашык аралыкты сүзүп өткөн. Орус-япон согушунда Тынч океан экинчи эскадрасынын жүрүшү менен Цусима салгылашында пайдаланылган.
Биринчи дүйнөлүк согушта жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинград коргонуусунда да колдонулган.
Анткен менен РФтин коргоо министри Сергей Шойгу 2013-жылы крейсерди деңиз аскерлеринин флотунун курамына кайтаруу буйругун чыгарган.