БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында эт өндүрүү боюнча Кыргызстан биринчи орунда экенин ЕЭКтен билдиришти.
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикада 327,1 миң тонна эт азыгы өндүрүлгөн. Анын ичинде канаттуунун эти да бар. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу үч пайызга көп.
Өсүү темпи боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу өлкө эт азыктарын 2,5 пайызга көп өндүргөн.