Радио

Мамытов: бизнесте адам ресурсу — негизги фактор

Экономист Улукман Мамытов ишкерликте кадр маселеси маанилүү экендигин айтат.
Sputnik
Бизнесмендер кадр маселесин, же болбосо адам ресурсун биринчи орунга коюшу керек. Кадрдын маанилүүлүгү боюнча көптөгөн илимий эмгектер жазылганын Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө чакан жана ири ишкерликте деле кадр маселеси жакшы жолго коюлган эмес.
"Бизнесин өнүктүрүүнү каалаган ишкер андагы адам ресурсуна дыкат көңүл бурушу зарыл. Кандай гана заманбап технологияда иштеп, жаңы техникаларды тартпасын, эгер кадр маселеси чечилбеген болсо, ал компаниянын иши жүрбөйт, бийиктиктерге жете албайт. Кадр тандоодо эки баскычка бөлүп, анын ар бирин дагы үчтөн баскычка бөлүп карасак болот. Бул аналитиктердин эмгектеринде айтылат. Кадр саясатындагы эки баскычтын биринчисинде, албетте, пландаштыруу турат. Андан соң тандоо, кастинг, конкурстар аркылуу мыктыларын тандап алуу бар. Аларды окутүп, үйрөтүү, адаптациялоо. Андан соң экинчи баскычка келебиз. Мында биринчи кезекте тандоодон өтүп, адаптацияланып иштеп жаткан кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, жаңы көндүмдөргө үйрөтүп туруу маанилүү. Ушундан кийин кызматкерлердин же жумушчулардын ишинин эффективдүүлүгүн баалоо, акырында мыкты кадрларды кетирбей кармап калуу. Мына ушул алты баскычты аткарган ишкерлер мыкты бизнес түзө алышат", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле кадрларга мотивация берип туруу маанилүүлүгүнө токтолуп, анда материалдык, материалдык эмес стимулдар, коллективдеги психологиялык абал жана түрдүү тимбилдинг, оюн-зоокторду уюштуруу сыяктуу төрт маанилүү нерсе бар экенин кошумчалады.