Индия Кыргызстанга 253 млн. сом грант берет. Каражат кайда жумшалат?

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Индия Кыргызстанга эки долбоорду каржылоого 253 миллион сомду грант катары берет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү меморандумга бүгүн кол коюлган.

"Келген каражат Кыргыз экономикалык университети үчүн IT-лаборатория ачууга жана Лейлек районунун дарыгерлик практика борборун оңдоп-түзөөгө жумшалат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ар бир долбоор үчүн Индия тарап 126 миллион 600 миң сомдон берген.
Пресс-борбор
Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерди окутуу үчүн IT-хаб курулат