БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги менен Индия эркин соода келишимин түзүүнү талкуулап жатат. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Раджеш Агравал менен жолугушуп, сооданын мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле уюм менен Индиянын ортосундагы эркин соода келишимин түзүү маселесин талкуулаган.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Биз соода келишиминин эки тарап үчүн тең өзгөчө маанисин көрүп турабыз. Мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө умтулабыз", — деп белгилеген Слепнев.
Белгилей кетсек, буга чейин ЕЭК министри Индиянын элчиси менен жолугушуп сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын баштоого даярдык жүрүп жатканы айтылган.