БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы 22:00дөн кийин иштегени үчүн бир да кафе-ресторанды жапкан жок. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
Анын айтымында, мэрдин катышуусунда түнкү рейддер уюштурулган. Анда чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлерине электр энергиясын үнөмдөө боюнча сунуштар берилип, негизинен "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактоо тууралуу айтышкан.
"Эч кимди жапкан жокпуз. Кээ бир субъектилердин ээлери генераторлорду колдонуп иштей берүүнү сунушташты. Бирок алар деле катуу үн чыгаргандыктан үстүн жаап коюп же алысыраак чыгарып коюп иштей бергиле дедик", — деген вице-мэр.
Белгилей кетсек, шаар мэри Айбек Жунушалиев "Түнкү тыныгуу" мыйзамы негизинен той-топур өткөргөн ресторандарга тиешелүү экенин, алар иш-чараларын 22:00гө чейин бүтүрүшү зарыл экенин Sputnik агенттигине билдирген.