Касымалиев ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сапардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.
Анда уюм алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн артыкчылыктуу багыттары каралмакчы.
Кыргызстанда "Мыкты айыл өкмөт" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме