Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?

Sputnik
Кыргызстанда чакан бизнести өнүктүрүүгө, көмүскө экономиканы жок кылууга багытталган бир топ аракет жүрүүдө. Тиешелүү мамлекеттик органдар андан чыккан майнаптарын да бөлүшүп келишет. ал эми бизнес ээлери болсо мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан ар багыттагы колдоолорду жана жеңилдиктерди айтышат. Бирок ошол эле учурда чакан ишкерлике келгендердин жарымынан көбү бизнестери бир жылдан ашпай урап калганын кеп кылышат. Албетте мында ар кандай себептер бар.
Ошолордун ичинен кадр маселеси канчалык маанилүү? Жеке менчик сектордо эгемендүү Кыргызстанда кадр саясаты кандай жүрөт? Кандай жүрүшү керек? Компания ээлеринин талаптары кандай жана эмнелерге көңүл буруулары зарыл? Эмгекчилердин каалоолору эмнеден турат?
Бүгүнкү уктуруубузда кеп кылабыз.