"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Паспорт иштери жана жарандык абалдын актылары бөлүмү жарандардын төрөлүшүн, никесин, ажырашуусун, ысымын өзгөртүүнү жана башка жарандык абал актыларын каттоо менен алектенет. Бул бөлүм жарандардын укуктук абалын тастыктаган негизги документтерди берүүнү камсыз кылат. Учурда жарандардын нике каттоо тартибине болгон кызыгуусу жогорулап, документтерди туура даярдоо, каттоону өзгөчө шарттарда жүргүзүү, ошондой эле расмий жана диний никенин укуктук айырмачылыктары тууралуу суроолор көп берилүүдө.
Бул багытта «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Паспорт иштери жана жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жибек Бекбосун кызы никени каттоо тартиби, талап кылынган документтер, өзгөчө жагдайларда жүргүзүлүүчү тартиптер жана жарандардын нике институтуна болгон көз карашы тууралуу маалымат берди.