Кыргызстан эт өндүрүүдө ЕАЭБ боюнча лидер болдуПакистанда ысытма эпидемиясынан каза болгондордун саны 36га жеттиМэрия саат 22:00дөн кийин бир да кафе-ресторан жабылбаганын айттыАлдыда кененирээкБишкек мэриясы 22:00дөн кийин иштегени үчүн бир да кафе-ресторанды жапкан жок. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев шаардык кеңештин сессиясында билдирди. Анын айтымында, мэрдин катышуусунда түнкү рейддер уюштурулган. Анда чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлерине электр энергиясын үнөмдөө боюнча сунуштар берилип, негизинен "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактоо тууралуу айтышкан. "Эч кимди жапкан жокпуз. Кээ бир субъектилердин ээлери генераторлорду колдонуп иштей берүүнү сунушташты. Бирок алар деле катуу үн чыгаргандыктан үстүн жаап коюп же алысыраак чыгарып коюп иштей бергиле дедик", — деген вице-мэр. Белгилей кетсек, шаар мэри Айбек Жунушалиев "Түнкү тыныгуу" мыйзамы негизинен той-топур өткөргөн ресторандарга тиешелүү экенин, алар иш-чараларын 22:00гө чейин бүтүрүшү зарыл экенин Sputnik агенттигине билдирген.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында эт өндүрүү боюнча Кыргызстан биринчи орунда экенин ЕЭКтен билдиришти. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикада 327,1 миң тонна эт азыгы өндүрүлгөн. Анын ичинде канаттуунун эти да бар. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу үч пайызга көп. Өсүү темпи боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу өлкө эт азыктарын 2,5 пайызга көп өндүргөн.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын алкагында жалпы наркы 1,2 миллиард долларды түзгөн жети биргелешкен долбоорду расмий түрдө ишке киргизишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады. Ишке киргизилген долбоорлордун арасында Сырдарыя жана Түркстан облустарындагы “Борбор Азия” аттуу өнөр жай кооперациясынын эл аралык борбору, Ташкентте казакстандык банктын башкы кеңсесинин ачылышы, Ташкент облусунда көп тармактуу логистика борборунун курулушу, Жаңы Ташкент шаарындагы “Астана” аттуу турак жай кварталы жана мейманкана, Кашкадарьядагы сызыктык алкилбензол өндүрүшү, ошондой эле Астана шаарындагы “Ташкент” мейманканасы бар.
Киевдин европалык союздаштары Украинадагы коррупцияны жаап-жашырганы үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Бул тууралуу Польшадагы жергиликтүү ММКга таянып, РИА Новости кабарлады. "Батыш мамлекеттеринин биринин да кабары болгон эмес дегенге ишенишибиз керекпи? Ар бир сөздү, ар бир жолугушууну көзөмөлдөй алган ушунчалык кубаттуу чалгын аппараты украин структураларындагы ири коррупциялык схеманы байкабай калабы?" — деп суроо салынган макалада. Автордун айтымында, мындай чоң масштабдагы уурулукка жол берген элита өз элинин алдында жоопкер. Мында жеке тараптардын эмес, мамлекеттин каражаты тууралуу сөз болууда. Ал эми акча Киев режимине колдоо иретинде берилген.
Пакистанда ысытма эпидемиясынан каза болгондордун саны 36га жетти. Бул тууралуу Пакистандын саламаттык сактоо департаментинин маалыматына таянып, Казинформ агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Хайдарабад шаарында 50 жаштагы эркек жана 80 жаштагы аял, ал эми Карачиде 55 жаштагы аял аталган оорудан көз жумган. Быйыл бул илдет боюнча жалпысынан 5 миң 229 лабораториялык анализ жүргүзүлүп, алардын 774ү жакшы чыккан. Синд провинциясында 180ден ашык бейтап ооруканага жаткырылып, 191 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган.