Ресторандар үчүн фискалдык программалык камсыздоо деген эмне — Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке киргизди

Sputnik
1-сентябрда Мамлекеттик салык кызматы тамак-аш тейлөө тармагында маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү бар фискалдык программалык камсыздоону ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду баштаган. Долбоор ишканалардын бухгалтердик эсеп системаларын Салык кызматынын системасы менен интеграциялоого, ар бир транзакцияны жазууга жана кассалык аппараттарды же кошумча жабдууларды колдонбостон автоматтык түрдө фискалдык квитанцияны түзүүгө мүмкүндүк берет. Фискалдык программалык камсыздоонун иши, анын күнгөй-тескейи тууралуу сөз кылдык.