Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Өлкө аймагында оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдүТрамп Россия менен кызматташкан өлкөлөргө да санкция салууга жол бердиБыйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды Алдыда кененирээкБыйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алар: 110/10 кВ "Көк-Жар" көмөк чордону - 25 мВт кубаттуулуктагы трансформатор 40 мВт кубаттуулука; 110/10 кВ "Орто-Алыш" көмөк чордону – 25 мВт кубаттуулуктагы трансформатор 40 мВт кубаттуулукка; 110/10 кВ "Алтын-Казык" көмөк чордону - 16 мВт кубаттуулуктагы трансформатор 25 мВт кубаттуулукка; 110/10 кВ "Берлик" көмөк чордону - 16 мВт кубаттуулуктагы трансформатор 25 мВт кубаттуулукка; 35/10 кВ "Водоконал" көмөк чордону – 6,3 мВт кубаттуулуктагы трансформатор 16 мВт кубаттуулукка: 5 көмөк чордонго жалпы 146 мВт кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.
Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, мыйзам бузуу учурларын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул багытта ЖКККББнын кызматкерлери курулуш материалдарын жана башка оор жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жеринде жолугуп, бир катар талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. ЖКККББ алдын алуу иштерин мындан ары дагы күчөтөрүн кошумчалайт.
АКШ президенти Дональд Трамп Россияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна комментарий берип, РФ менен кызматташкан өлкөнүн баарына санкция салынарын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал журналисттерге Конгресс Россия менен бизнес жүргүзгөн мамлекеттерге өтө катаал санкцияларды киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл аларын айткан. Октябрь айынын аягында Сенаттагы республикачылардын лидери Жон Тьюн Трамптын администрациясы мындай кадамга барууну зарыл деп эсептесе, анын партиясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун добушка коюуга даяр экенин белгилеген. Ал эми Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган жана улантып жаткан санкциялык басымга туруштук бере аларын билдирип келет. Расмий Москванын айтымында, Батыш санкциялары максатына жетпей калганын моюнга алууга эрки жетпей жатат. Батыш мамлекеттеринин өзүндө да Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылган.
Япониянын Кюсю аралындагы Кагосима префектурасында жайгашкан Сакурадзима вулканы кайрадан атылды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук метеорология башкармалыгына таянып, ТАСС кабарлады. Маалыматта белгиленгендей, атылуу жарылуу мүнөзүндө болуп, күл менен түтүн кратерден 4 400 метр бийиктикке чейин көтөрүлдү. Ошондой эле таш менен күл 1 200 метр аралыкка чейин чачыраган. Буга чейин вулкан быйылкы жылдын август айында атылган. Адистер вулканга жакын аймактарда гана эмес, шамалдын багытына жараша алыс жерлерде да күл түшүү коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Белгилей кетсек, Сакурадзима Япониянын эң активдүү жанар тоолорунун бири болуп саналат. Тоонун бийиктиги болжол менен 1 100 метрди түзөт.