Президент Садыр Жапаров салык тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документтин максаты — салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. Фискалдык программалык камсыздоо, жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков айтып берди.