БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков социалдык маанидеги товарларды жеткирген ири компаниялар менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда министр нарктын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн ири жеткирүүчүлөрдү бааны төмөндөтүүгө чакырды.
"Гипермаркеттер жана ири базарлар менен тыгыз иштеп жатабыз. Бааны төмөндөтүү боюнча түшүнүү бар, алгачкы жыйынтыктар да көрүнө баштады. Бирок бул бүтүндөй жеткирүү чынжырына байланышкан маселе. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн бааны кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Силерге чыгым тартсын дебейбиз, болгону акылга сыярлык мамиле керек. Ошол эле учурда Антимонополия кызматы көзөмөлдү күчөттү: акыркы эки күндө эле 30дан ашык айып салынды", — деди Сыдыков.
Министрлик жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарлардын баасын туруктуу кармоо үчүн көзөмөлдү уланта берерин билдирди.