Согуш отун кечкен кыргыздын берендери. Сүрөттөгү тарых

Sputnik
1927-жылы 23-январда Совет өкмөтү Кызыл армия үчүн атайын даярдыктан өткөн кадрларды даярдоо боюнча коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөкчү коомун (Осоавиахим) түптөйт. Ал СССРге спортту жайылтып, мылтык жана тапанчадан атканды үйрөтүүнү максат кылган. Осоавиахим аэроклубдарды уюштуруп, учкучтарды даярдай баштаган.
23-мартта Кыргыз автономиялуу облусунда Осоавиахимдин бөлүмү ачылып, Жусуп Абдрахманов жетекчиликке дайындалат. Ушундан тартып Кыргызстанда Кызыл армия үчүн кадрлар даярдала баштайт. 1934-жылы Кыргызстанда аэроклуб ачылып, кыргыздан туңгуч учкучтар чыгат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Осоавиахим фронт үчүн атчан, жөө жүргөн аскерлерди, медайымдарды, учкучтарды даярдаган. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архив жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын өзгөчө баалуу басылмаларды сактаган бөлүмүнөн сейрек сүрөттөрдү жана маалыматтарды тапкан.
1 / 12

Кыргыз автономиялуу облусундагы Осоавиахимдин төрагасы Жусуп Абдрахманов жетектеген комиссиянын "Кызыл Кыргызстан" аскердик учагын куруу үчүн элден каражат топтоо чечими. "Советская Киргизия" гезити, 1928

2 / 12

Осоавиахимдин аскерлеринин машыгуусу жөнүндө жарыя. "Советская Киргизия" гезити, 1928

3 / 12

Кыргыздын алгачкы учкучтары Касым Ормокоев (солдо) жана Жомарт Бухарбаев. Фрунзе, 1935

4 / 12

"Красный пахарь" колхозунун мүчөлөрү тактикалык машыгууда. Фрунзе облусу, Киров району, 1942

5 / 12

Атчандар клубунун аскерлери тактикалык машыгууга кетип бараткан учуру. Ысык-Көл облусу, 1942

6 / 12

Атчандар клубунун жоокерлери жөө аскерлердин чабуул коюу ыкмасын өздөштүрүүдө. Ысык-Көл облусу, 1942

7 / 12

Атчандар клубунун аскери күлүгүн тоскоолдуктан секиртип үйрөтүүдө. 1942

8 / 12

Осоавиахимдин жоокерлери тактикалык машыгууда. 1942

9 / 12

Фрунзе аэроклубунун учкучтары. 1942

10 / 12

Осоавиахимдин аскери ат чаап бара жаткан учур. Фрунзе, 1941

11 / 12

Атчандар клубунун аскерлери чабуул коюунун ыкмасын өздөштөрүүдө. Ысык-Көл облусу, 1942

12 / 12

Осоавиахимдин жоокерлери мылтык атканды үйрөнүп жатышат. Фрунзе, 1944