БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунда сүйлөгөн.
Өлкө башчы аймак үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо өз ара ишеним жана биримдик духун сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.
Садыр Жапаров буга байланыштуу аймактын мамлекеттеринин позицияларды координациялап, “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен, атап айтканда, башка мамлекеттер менен болгон саммиттердин алдында тышкы саясий ведомстволордун консультацияларын уюштуруу аркылуу чыгуусун сунуштады.
“Өткөн жылы Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 15%га өсүп, 135 млн АКШ долларын түздү. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 28%га көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га көбөйдү”, — деди мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле Азербайжандын Консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө катары кошулушун колдоого алды.