БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу убактылуу жылдырылды, бул багытта байланыштар уланууда. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге билдирген.
Анын айтымында, тараптар Будапештте жолугууга макулдашкан, бирок кайра башка убакытка жылдырылган. Ушаков Москва менен Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.
“Анкориждеги Россия — АКШ саммитинин жыйынтыктары Киев режими менен айрым европалыктарга жаккан жок. Алар тынчтыкты эмес, согуштун акыркы украин калганга чейин улануусун каалашат”, — деди ал.
Ушаков АКШ тараптан Украина боюнча көптөгөн белгилер болуп, айрымдары Москвага ылайыктуу экенин айткан.
Белгилей кетсек, Россия менен АКШ президенттери 15-август күнү Аляскада жолугуп, украин чырын токтотуу жолдорун талкуулашкан. Эки лидер тең сүйлөшүү майнаптуу болгонун билдирген. Саммиттин жыйынтыгы менен Путин Украинадагы жаңжалды бүтүрүү мүмкүнчүлүгү жаралганын белгилеп, Россия тынчтык узакка созулушуна кызыкдар экенин айткан. Ал эми бул үчүн, Путиндин айтымында, тирешүүнүн баштапкы себептери жоюлушу зарыл.