Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 17-18-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
ШКУ КМШ алдында байкоочу макамын алат. Саммитте кол коюлган документтер