БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 17-23-ноябрга карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, келе жаткан жумада тоолуу аймактарда гана кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болору айтылды.
Чүй жана Талас
Чүй менен Таласта 17–18-ноябрда, ошондой эле 20–23-ноябрь күндөрү жаан-чачын болбойт. 19-ноябрда Чүйдүн тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн, Таласта болсо жаан, тоолордо кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Ош облусунда 20-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Ал эми Жалал-Абадда 19-20-ноябрда тоолуу райондордо кар, кээ бир өрөөндөрдө жаан күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл жана Нарын
Ысык-Көл жана Нарында 20–21-ноябрда айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.