Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын VII Консультативдик жолугушуусу өтүүдөВалентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калдыТИМ башчысы кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырдыАлдыда кененирээкКытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат, көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, алар виза мөөнөтү бүтөрү менен чыгат, чыкпагандары аныкталып, депортацияланат. “Кытай жарандары мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк. Учурда биринчи эле кезекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул долбоордо каралган иштерге кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз. Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күчүбүз менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет”, — деген Кулубаев. Ал Чүйдөгү "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочуларынын жаңжалы боюнча коментарий берип, укук коргоо органдары териштирип жатканын айткан. Ошондой эле ал кытайларга карата чагымдарга алдырбоого чакырган.
Валентина Шевченко дагы бир жолу чемпиондук курун коргоп калды.Ал Нью-Йоркто кытайлык Вэйли Чжан менен беттешти. Кыргызстандык спортчу UFC 322 мелдешинин беш раундунда тең атаандашына үстөмдүк кылып, натыйжада калыстар бир добуштан кыргызстандык мушкерге жеңишти беришти. Бул салмак категориясында Шевченко чемпиондук титулду коргоо боюнча рекордду жаңылады. Муну менен ал 9-жолу чемпиондук наамын коргоп калды.. Видеосун sputnik.kg сайтынан көрсөңүз болот.
16-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жетинчи Консультативдик жолугушуусу өтөп жатат. Иш-чаранын негизги максаты — Борбор Азиядагы регионалдык кызматташууну бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди өнүктүрүү. Ошондой эле катышуучулар регионалдык жана эл аралык саясаттагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышууда. Жолугушуунун жыйынтыгында көп тараптуу маанилүү документтердин чоң топтому кабыл алынат деп күтүлүүдө. Бул демилге Өзбекстан президенти тарабынан 2017-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында сунушталган жана биринчи төрагалыкты Өзбекстан аркалаган.
Өзбекстандын Сүрөтчүлөр союзу Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Сүрөтчүлөр союздарынын төрагаларына алтын медалдарды тапшырды. Анын ичинде Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев да алтын медалга татыды.Сыйлыктарды тапшыруу аземи Көркөм өнөр академиясында өтүп, муну менен бирге эле жогоруда аталган өлкөлөрдүн “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук мурас - жалпы келечек” аттуу биргелешкен сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.“Ислам цивилизациясы борборунун ачылышы сүрөтчүлөр үчүн дагы маанилүү окуя болуп саналат. Биз он жылдан ашуун убакыттан бери биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруп келебиз. Ошондой эле бул жолугушууда биз Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен жаңы форматка өтүп, бирдиктүү конфедерация түзүүнү пландап жатабыз”,- деди ал.Белгилей кетсек, 13-ноябрда тарта Ташкент шаарында “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук - жалпы келечек” эл аралык конгресси өтүп, анын алкагында Ислам цивилизациясы борборунун ачылышы болууда.